Жаңылыктар
Бишкектин Октябрь райондук ИИБнин башчысы тергөө абакта 21-декабрга чейин кармалат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин Октябрь райондук ИИБнин башчысы тергөө абакта 21-декабрга чейин кармалат

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев УКМКнын тергөө абагында 21-декабрга чейин кармалат. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан билдиришти. 

Башкы прокуратура 21-октябрда Аалиев менен кошо райондук тергөө кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы кармалганын билдирген. Алар аялды камакка алуу шылтоосу менен моралдык жана психологиялык кысым көрсөтүшкөн. Көп балалуу, жалгыз бой эне болгондугуна карабай опузалап, ири өлчөмдө пара талап кылышкан деп айыпталууда. 

Факт боюнча жазык кодексинин "Кыйноолор", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Опузалап пара алуу" беренелери менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Эске салсак, буга чейин Октябрь райондук милициясы кармалган аял жарандарды 904 миң 750 долларга алдап кетүүгө шектелип жатканын билдирген болчу.