Жаңылыктар
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы салтанаттуу белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда коомдук, саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. 

Анда Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки республикадагы оор абалды жолго салып өнүктүрүүдө алгач элдин атуулдук аң-сезимин ойготуп, алга жетелеш үчүн жалындуу сөздөрү менен кылган иши төп келиши керек экендигин айтты. 

Андыктан Исхак Раззаков бардык иш-чараларды кылдат пландаштырып, чарчадым-чалыктым дебестен, күнү-түнү эмгектенип, жүргүзүлүп жаткан иштерди өзү барып, көз салып, кабар алып турганын белгиледи.