Жаңылыктар
Бишкектеги "Ала-Тоо 1" жана "Ала-Тоо 2" конуштарында эртең таза суу убактылуу берилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги "Ала-Тоо 1" жана "Ала-Тоо 2" конуштарында эртең таза суу убактылуу берилбейт

26-октябрда эртең менен саат тогуздан 18:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул "Ала-Тоо" суу берүү жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу. "Ала-Тоо 1" жана "Ала-Тоо 2" турак жайларында, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жай ишканаларында суу убактылуу токтотулат.