УКМКга караган Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын базасында 2021-жылдын күз айларында аскердик милдет өтөө үчүн чакырылган 300 жоокер салтанаттуу ант берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Замирбек Бекиев билдирди.
Буга чейин жоокерлер чек ара отряддарында жалпы аскердик даярдыктан өтүшкөн болчу. Алар Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан чек ара пункттарына бөлүштүрүлмөкчү. Иш-чарага эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, бардык санитардык талаптарды сактоо менен аскер кызматкерлеринин жакындары катышкан жок.