Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди анын дипломатиялык ишинин аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.
Мамлекет башчысы Азербайжан Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, руханий жана диний баалуулуктардан келип чыккан бекем достук жана бир туугандыкка негизделгенин белгиледи. Ал элчиге жана анын жакындарына чың ден соолук жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, Азербайжан Президенти Ильхам Алиевге салам жолдоду.
Гидаят Оруджев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, Азербайжан Президентинин боордош Кыргызстандын элине эң жакшы каалоо-тилектерин айтып, Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп, кеңеерине ишенимин билдирди.