25-октябрда таңкы саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамак-аштан ууланган жарандар кайрылган. Учурда алардын саны 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Учурда бир бейтап стационарда дарыланып, абалы туруктуу. Калгандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабыркагандар шаардын ар кайсы пункттарында жайгашкан кафелердин биринде тамактанганы аныкталган.
Санэпидкөзөмөл борборунун адистери тарабынан эпидемиологиялык иликтөө уланууда. Массалык ууланууга байланыштуу “Империя пиццы” кафелеринин бардык тармактары убактылуу жабылды.