Жаңылыктар
Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет

Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет. Эскерүү иш-чарасы 27-октябрда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген. Ал мамлекеттик университеттин филология факультетин аяктаган соң "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы болгон. Журналда иштеген 13 жыл ичинде башкы редакторлукка чейин жеткен. Андан соң Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп эмгектенген. 

Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири, "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилиндерине которулган роман англис тилинде да чыккан. Жазуучу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчилигин аркалаган. Эл жазуучусу наамын алган, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаты болуп, ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган. Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.