Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берген жарандардын саны 71,8% жеткенин билдирди. Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин бул көрсөткүч 80,8 % түзгөн.
Алдын ала жыйынтыктары бүгүн, 25-октябрда чыгат. Президенттик шайлоого расмий түрдө иштеп жаткан беш партиянын талапкерлери катышты. Алар: Либералдык-демократиялык партиядан азыркы Президент Шавкат Мирзиёев, Социал-демократиялык "Адолат" партиясынан Бахром Абдухалимов, Экологиялык партиядан Нарзулло Обломурадов, Демократиялык партиядан Алишер Кодиров жана Элдик-демократиялык партиядан Максуда Ворисова ат салышкан.
Добуштардын алдын ала жыйынтыгы менен 64 жаштагы Президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланып келери күтүлүүдө.