Аба ырайы кескин сууктап, кыштын камылгасын көргөндөр да көбөйдү. Көмүр кампаларынан киши үзүлбөйт. Бишкектин тургундары кара алтын жылдагыдан кымбат экенин билдиришүүдө. Буга чейин өлкөдө көмүрдүн баасын жөнгө салган 90 күндүк режим киргизилген. Ага ылайык кара алтындын ар бир аймактагы наркынын эң жогорку чеги бекитилген.
Бирок текшерүү учурунда белгиленген талап аткарылбаганы аныкталууда. Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4500 сомдон жогору болбошу керек экени эскертилгени менен, сатуучулар 5000 сомдон баалап жатышат. Айдоочулар болсо Кара-Кечеден берки жол азабын эске алууга чакырып жатышат. Чыгымдардын жогорулашы баага олуттуу таасир эткенин белгилешет. Кара-Кече кенинде көмүрдүн тоннасы 1330-1350 сомдон сатылууда. Жеткириле турган аймактын аралыгына жараша баа өзгөрөт. Монополияга каршы мамлекеттик агенттик жол чыгымдарын, ташуучулардын таба турган пайдасын кошо эске алып, ишкерлерге 4000 сомдон жогору сатпашы керек деп эсептейт.
Буга чейин Кара-Кечеде иш аксаганы айтылган. Абал жөнгө салынып, жумуш кызуу жүрүп жатат. Күн сайын кенден 400 унаа көмүр ташылууда. Жалпы өлкө боюнча жети жүздөн ашуун көмүр кампалары ачылган. Быйыл Кыргызстандын жылдык керектөөсү 3 миллион тоннага жетет деп болжолдонууда. Анын тең жарымы Бишкек жылуулук борборуна сарпталат.
Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылуу иши абанын булганышына байланыштуу талаш-тартыш менен коштолуп келатат. “Электр станциялары” ишканасы кара алтынды Карагандадан алуу үчүн казакстандык “Хемптон ресорс лимитед” компаниясы менен келишим түздү. Адистер Карагандадан алынып келе турган “КО” маркасындагы көмүрдүн 300 миң тоннасы Кара-Кече көмүрүнүн миллион тоннасына тете экенин айтып жатышат.
Бишкек жылуулук электр борбору кышка камылга толук көрүлгөнүн билдирүүдө. ЖЭБдин жамааты күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.