7-чакырылыштын депутаттарын шайлоо жаңы мыйзамдар, жаңы эрежелер менен өткөнү турат. Элдин талабына ылайык, эл өкүлдөрүнүн саны мурдагыдан кыскарып, ар бир депутатты түздөн-түз тандоого шарт түзүлдү. Жогорку Кеңешке келе турган 90 депутаттын 54ү пропорционалдык система менен келсе, калган 36сы бир мандаттуу округдардан мажоритардык система менен шайланат. Аралаш система менен өтө турган шайлоо күнү жарандар 2 бюллетень алып, биринчи партияга жана партиянын ичиндеги өзүнө жаккан талапкерге добуш берет. Андан кийин бир мандаттуу округдагы талапкерин тандап алат.
Мурда партиялар алдыңкы тизмедеги орундарды акчага баалап, партиялык идеяларга гана эмес, парламенттин табиятына кошо акаарат келтирген. Эми “алтын мандат”, “биринчи ондук”, “биринчи жыйырмалык” деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт. Эми саясий партиялардын тизме башына төбөсү көрүнгөн, акчалуу саясатчы туруп алып, партиясын өткөрүп, артынан элге жакпаган депутаттарды ээрчитип келе албайт. Парламентти эл “люстрациядан өткөрүп алат. Мурдагы ыплас шайлоолордун натыйжасы баарыбызга сабак болушу керек. Мындан ары добуш берүүнүн таза өтүшү баарыбыздан көз каранды экенин мамлекет башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде дагы белгилеген.
Мындай фактыларга жол бербөө максатында коомдук көзөмөлдү күчөтүүнү, башка натыйжалуу чараларды көрүүнү Президент ИИМден, УКМКдан жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардан талап кылууда. Эксперттер шайлоонун таза өтүшү ар бир адамдын өнөктүккө болгон мамилесинен көз каранды экенин белгилешүүдө.
Шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлгөн. Анын курамына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, УКМК, прокуратура, ИИМдин өкүлдөрү кирген. Учурда көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалыматтар берилүүдө. Президенттин тапшырмасына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дагы жеринде иш алып барышууда.
Өнөктүктү таза өткөрүү боюнча талаптарга көңүл кош мамиле жасагандар болууда. Президент маалымат жыйында кайсы бир райондун акими бир мандаттуу округдан шайлоого аттанган талапкерге иштеп жатканы боюнча маалымат түшкөнүн билдирди.
Шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды. Эң башкысы эл добушун сатпашы керек. Чындыгында буга чейин эл партияларга гана добуш берип көнүп калышкан. Бул жолу партиялык тизмеге, бир мандаттуу округдардан чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүүнүн жол-жобосун түшүндүрүүнү Президент БШКга тапшырды. Бул иш-аракет өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүшү керек. Шайлоо маалында аталган маселе боюнча көйгөй жаралбагандай болушу зарыл! БШК тарабынан азыр мыйзам бузуулардын алдын алуу, добуш берүүнүн эрежелери боюнча окутуулар өткөрүлүүдө.
28-ноябрда боло турган өнөктүккө катышуу ниетин билдирген 75 партиянын 21ри документтерин тапшырып, 1046 кишинин талапкерлигин жылдырды. Ал эми, бир мандаттуу округдардан шайлоого аттанган 381 талапкердин 334ү документтерин толук өткөргөн. Азыр БШК башка мекемелер менен бирге алардын документтерин текшерип жатат. Ал ортодо 12 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.
Дагы канча талапкер электен өтүп, үгүт иштерине катышары 29-октярда белгилүү болот. Эске салсак, өлкө боюнча 36 шайлоо округу түзүлүп, округдардын номурлары алфавиттик тартипте жүргүзүлгөн. Ар биринде орто эсеп менен 100 миңдей шайлоочу бар.