Мамлекетти өнүктүрүү үчүн элеттеги көйгөйлөрдү чечүү зарыл. Ошондо гана натыйжалуу жыйынтык болуп, өлкө кубаттуу мамлекетке айлана алат. Мындан улам Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, аким, айыл өкмөт башчыларынын башын бириктирген Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн республикалык кеңешме маселелерди, сунуш-пикир, демилгелерди көзмө-көз талкуулап ала турган аянтча болду. Себеби сөздөн ишке өтө турган мезгил келди. Анткени алдыда аткара турган иштер арбын. Президент Садыр Жапаров да ойлонуп отурууга убакыт жок экенин белгилеп, экономикалык татаал шартта эл натыйжалуу иштерди күтүп жатканын билдирди.
Себеби талдоо көрсөткөндөй мамлекеттик башкарууну жолго салмайынча борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ажырым сакталып келет. Жергиликтүү жетекчилер курулай отчётторду берүүнү көнүмүш адатка айландырып алышкан. Мындан улам азыр мамлекеттик башкаруу системасы бүгүнкү күндүн талабына ылайык реформаланууда. Аймактарды кыска убакытта өнүктүрүү үчун кандай кадамдарга баруу зарыл-бул маселени элеттин турмушун жакшы билген жергиликтүү бийлик мыкты билет. Президент мындан улам өкмөттүн ишине туруктуулук алып келе турган жана акимдерге тиешелүү укуктарды берүү жагын камтыган мыйзам кабыл алынганын эске салды.
Президент кол койгон «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга ылайык райондордун акимдери менен шаарлардын мэрлерин Президент өзү дайындайт. Мындан сырткары акимдердин укуктары менен милдеттери кеңейтилип, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын иштөө мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга узартылды. Мындан сырткары акимдер жергиликтүү айыл округдарынын жана райондук деңгээлдеги шаарлардын мэрлерин кызматка дайындап жана кайра алып коюу укугуна ээ болду. Ал эми облустук жана республикалык статустагы шаар мэрлерин Президент дайындайт. Дасыккан жана тажрыйбалуу жетекчилерди кызматка тартууда региондук жана муниципалдык резервдерде турган кадрлар гана тандалат.
Тармакта көп жыл иштеген адистер жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктары күчөтүлүп жатканы тура кадам деп эсептейт. Себеби жоопкерчилик жогоруласа албетте натыйжа берет. Жоопкерчилик болбосо жергиликтүү бийликке келген тапшырмалар ара жолдо калат.
Коррупцияны алып келген жагдайларды жоюу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын ротациялоо тажрыйбасы башталган. Президент бардык жетекчилерге өлкөнүн өнүгүшү, элдин жыргалчылыгы үчүн жанын аябай иштеп берүү талабы коюлат-деди. Эгерде кайсы бир жетекчи өз кызыкчылыгын ойлоп коррупцияга аралашкан болсо андай кызматкерлерге орун жок. Мындан улам ар бир жетекчинин ишине, жүрүм-турумуна баа берилет. Бул боюнча Министрлер Кабинетине жетекчилердин ишмердигине комплекстүү баа берүү системасын жана көзөмөлдү иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Ошентип жергиликтүү бийлик органдарынын алдында элеттеги көйгөйлөрдү ыкчам чечип, аймактарды өнүктүрүү, шайлоону калыс өткөрүүгө шарт түзүү боюнча бир топ маанилүү тапшырмалар коюлду. Башкы маселенин бири элдин бакубат жашоосун камсыздоо зарыл. Азыр өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 25,3% пайызды түзөт. Элдин санына карата өтө жакыр жашагандардын саны 0,9%. Алар негизинен Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарынын тургундары.
Мындан улам жергиликтүү бийлик органдарынын алдында элеттеги көйгөйлөрдү ыкчам чечип, аймактарды өнүктүрүү боюнча бир топ маанилүү тапшырмалар коюлду. Олуттуу кадамдардын бири айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу. Бул максатта атайын система колдонулмай болууда. 402 айыл өкмөт болсо анын 377си дагы деле дотацияда турат. Бүгүнкү күндө 75 гана айыл өкмөтү дотациядан чыгып, өзүн-өзү каржылайт.
Аймактарды дараметине жараша өнүктүрүү милдети да турат. Бул максатта жаңы фонддор түзүлөт. Алар облустарды, райондорду жана райондук маанидеги шаарларды өнүктүрүү фонддору. Бул фонддорго республикалык бюджеттен 1,5 миллиард сомго чейин каражат бөлүнөт. Эмдиги жылдын бюджетинде фонддорго бөлүнө турган каражаттар көрсөтүлгөн. Бөлүнгөн акчанын 20 пайызы коронавируска каршы күрөшүүгө, 20%ы социалдык долбоорлорго жана 60 пайызы экономикалык долбоорлорду колдоого жумшалат.
Аймактарга инвесторлорду тартып, кайра иштетүү ишканаларын ачуу менен дотациядан чыкса болот. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жергиликтүү бийликтин жетекчилерин бизнес пландарды сунуштоого чакырды жана бул жумуштарга үч айлык мөөнөт берди. Кемин районунун Орловка шаары өндүрүш аймак катары белгилүү. Шаар жетекчилиги пайда алып келе турган бизнес долбоорлорду сунуштаганга даяр. Себеби шаар айыл чарба азыктарын кайра иштете турган чакан ишканаларды ачууга ылайыктуу. Ошол эле учурда курулушка керектүү материалдарды өндүргөн чакан ишкана ачуу боюнча да максаттар бар.
Министрлер кабинети тарабынан коюлган тапшырмалар жүзөгө ашырылса келерки жылы 180 айыл өкмөтү дотациядан чыгышы керек. Алыскы Баткен облусунун айыл өкмөттөрү азырынча дотацияда калууда. Өзгөчө статус берилип, атайын фонд түзүлүп жатканына байланыштуу келерки жылы бир топ айыл өкмөттөр өз алдынча каржылоого өткөнү турат-дейт айыл өкмөт башчылары. Ал эми өнүгүүгө бөлүнгөн каражаттар аймактын экономикалык-социалдык абалын жакшыртууга багытталат.
Инвесторлорду тартып орто жана чакан ишканаларды ачуу менен аймактын экономикасын чыңдоо үчүн ишкерлерге жеңилдетилген насыялар керек. Өз кезегинде «Кепилдик фонд» элеттик ишкерлерди колдоону улантууда.
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду да элеттик ишкерлерге каржылык жактан колдоо көрсөтүп келет. Берилген кредиттердин 50 пайызы же үч миң насыя аймактын ишкерлерине берилген.
Министрлер кабинети көңүл бурган дагы бир тармак-бул туризм. Тармак - дүйнө өлкөлөрүнүн бир тобунун негизги киреше булагы. Туристтик, маданий, тарыхый баалуу жерлердин бары аймакта экенин айткан Акылбек Жапаров ушул күнгө чейин туристтик инфраструктаны жакшыртуу, тармакты өнүктүрүү боюнча сунуштар түшпөгөнүн билдирди. Мындан улам туризмди өнүктүрүү фонду түзүлөт. Ага 1 миллиард сомдук каражат бөлүнүп жатат. Ошол эле учурда жыл аягына чейин жерлерди транформациялоо боюнча маселелер жөнгө салынмакчы.
Кеңешменин алкагында Президент Аймактардын экономикалык-социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата энчилүү сааттар менен сыйлады. Ошондой эле, Эң мыкты айыл өкмөттөргө 500 миң сомдон 1 жарым миллион сомго чейин тапшырылды.
Муну менен катар жергиликтүү бийликке малды идентификациялоо аймактардагы мүлктүн санын аныктоо иштерин аягына чыгаруу жана башка тапшырмалар коюлду. Ошол эле учурда алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшү боюнча жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, мыйзам бузууларга жол бербөө талабы коюлду.