Жаңылыктар
Президенттин жылдык маалымат жыйыны
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин жылдык маалымат жыйыны

300дөн ашуун адамды батыра турган “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы Эне-Сай конок үйү бул жолу журналисттерге толду. Президенттин маалымат жыйынына катышуу үчүн 150дөн ашык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катталышкан. Иш-чара башталганга чейин өлкө башчысына бере турган суроолорун кайра кайра кайталап, кабарчылар дыкат даярдык көрүп жатышты.

23-октябрда туулган күнүн белгилеп жаткан маалымат каражаттарынын кызматкерлери да бар экен. Президент иш-чараны баштаардын алдында “Мир” телеканалынын оператору Бакыт Кошалиевдин туулган күнү менен куттуктап, өзүнүн атынан белек берди.

Маалымат жыйын негизинен президенттин бир жылдык иш жыйынытыгына арналган. Алды менен Садыр Жапаров былтыр октябрь айынан бери өлкөнүн социалдык экономикалык көрсөткүчтөрүндө орун алган өзгөрүүлөргө токтолду.

Президент ишкер чөйрөнү өнүктүрүү аларга шарт түзүү, анын ичинен чакан жана орто бизнести колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Азыркы учурда мамлекеттик банктар жана кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерге млрддаган сомго жеңилдетилген насыяларды берип жатат.

Баяндамасында президент экономиканын бардык тармактарына, ошондой эле саламатыткты сактоо жана билим берүү, жумушсуздук, азык түлүктөргө болгон баалар, алдыдагы парламенттик шайлоолор, Кумтөр маселеси, ички жана тышкы саясаттын багыттарына токтолду.

Президенттин айткан бир жылда аткарылган иштерге карата адистер да өз бааларын беришти. Маалымат жыйында кабарчылар козгогон алгачкы суроо коррупцияга байланыштуу болду. Жакында эле, президенттик админитсрациянын ырайым берүү боюнча бөлүмүнүн башчысы пара менен кармалганы белгилүү. Журналисттер жалпы эле жемкорлукка каршы күрөштүн журушүнө кызыгышты.

Бир жыл ичинде коррупцияга каршы күрөштөн дээрлик 7 жарым млрд сом өндүрүлгөн. Бул акыркы 10 жылдагы көрсөткүчтөрдөн алты эсе жогору. Кийинки суроо чек ара маселеси, анын ичинен журналисттер ушул жылдын апрель айында Баткенде болуп өткөн окуяга токтолушту. Маалымат жыйында көп көтөрүлгөн маселелердин бири- алдыдагы парламенттик шайлоо. Акыркы учурда добуш сатып алуу жана сатуу, админ ресурс, андан сырткары шайлоого бийликчил бир нече партиялар баратат деген дооматтар айтылып келет.

Кумтөр маселеси, анын арты менен Кыргызстанга келип кеткен мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу суроо берилди. Азыркы учурда Кыргызстандын тышкы өнөктөштөрүн өлкөдөгү АКШнын аба базасы, анын кайрадан жанданышы боюнча маселе кызыктырып келет. Садыр Жапаров Кыргызстанда ЖККУнун гана аба база болорун жана өлкө эки державанын ортосунда ойногусу келбейт деген так жообун берди. Азыркы учурда өлкөдө кышка даярдык маселеси көпчүлүктүн көкүрөгүн өйүтүп турат. Кышында электр жарыгы өчпөйбү, көмүргө болгон баалардын кымбаттыгы жана жалпы эле күз кыш жылытуу мезгилин өткөрүүгө байланышкан суроолорубузга президенттин жооп алдык.

Президенттин маалымат жыйыны 4 саатка созулуп, жыйынга катышкан 160тан ашык журналисттин 60тайы суроо узатышты. Көбү экиден, үчтөн суроо берип, бардыгына жооп алынды. Айрым маселелер боюнча министрлер кабинетине жана тиешелүү мекемелерге жеринде тапшырма берилип, алардын аткарылыш өлкө башчысы өз көзөмөлүнө алмай болду.