Жаңылыктар
Дене тарбия жана спорт боюнча
Кыргызстан жаңылыктары
Дене тарбия жана спорт боюнча

Мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири дене тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп саналат. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров ата мекендик жана чет өлкөлүк журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, республика боюнча 19 спорттук объект курулду. Ушул жылда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо боюнча эркектер жана аялдар арасында Азия чемпионаты, ошондой эле биринчи жолу триатлон боюнча Азия чемпионаты өттү. Бул иш-чаралар кыргыз спорту үчүн маанилүү окуя - деди Президент.

Токио шаарында өткөн жайкы отуз экинчи Олимпиада оюндарында, ошондой эле Норвегияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын желегин дүйнөгө тааныткан азаматтарыбыздын ийгиликтери өлкөбүз эгемендик алгандан берки спорт тармагындагы болуп көрбөгөндөй чоң жетишкендик болду.

Жаштар саясатын системалык өзгөртүү боюнча аракеттер жасалууда.

Келерки 10 жылга карата Жаштар саясатынын концепциясы кабыл алынды, аталган Концепцияны ишке ашыруу боюнча беш жылдык иш-чаралар планы иштелип чыкты.

Жаштарды коомдук пайдалуу иштерге тартууга жана ар тараптуу өнүгүүсүнө дем берүү максатында эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 6 облуста жаштардын 9 борбору ачылды.

Улуу тарыхыбыз, бай рухий маданиятыбызды сактап, аны өнүктүрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Маданий жана табигый эстеликтерди сактоо, тарыхый-маданий мурастарды жайылтуубоюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.

Дүйнө жүзүндө теңдеши жок уникалдуу “Манас” эпосун даңазалоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын негизинде Кыргыз мамлекеттик “Манас театры” түзүлдү.

Элибизде “Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” деген сөз бар.

Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө зор салым кошкон улуу инсандарыбызды эскерүү иш-чаралары мамлекеттик деңгээлде жүзөгө ашырылууда.

Руханий-адеп-ахлактык маселеге олуттуу мамиле жасалып, менин эң алгачкы жарлыктарымдын бири - “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндөгү” Жарлык кабыл алынды.

Мындан тышкары элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо максатында 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынды.