Жаңылыктар
Калктын саламаттыгы үчүн камкордук
Кыргызстан жаңылыктары
Калктын саламаттыгы үчүн камкордук

2021-жылы COVID-19 менен күрөшүүгө бюджеттен 3 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөнүн мамлекет башчысы маалымат жыйында айтты. 

Ал белгилегендей, медицина кызматкерлерин максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүгө аракет жасалды жана 2 миң кызматкерге 372 млн сом, кайтыш болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку акчалай компенсацияларды төлөөгө жалпысынан 42 млн сом жумшалды. 

Ошондой эле, кайра адистештирилген стационарлар пайдаланууга берилип, жаңысы курулган.

"COVID-19 инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 9 стационар кайра адистештирилип, оңдолгонун айта кетейин.

Бул 9 стационар 1700 бейтапка эсептелинген.

Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында 3 жаңы стационар курулду.

Бул 270 адамга эсептелинген.Ошону менен бирге санитардык жана тез жардам машиналар паркы жаңыртылды, жаңы медициналык жабдуулар сатылып алынды.

Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 5 мобилдик клиника алынганын билесиздер.

Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясына каршы эмдөө үчүн республика боюнча 900 эмдөө пункту ачылды, 2,4 млн эмдөө дозасы сатылып алынды. Калктын 40 пайызы эмдөөнүн биринчи дозасын, 30 пайызы экинчи дозасын алышты.

Белгилеп кетсем, былтыр COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө эл аралык донорлордон 350 млн АКШ доллары жардам көрсөтүлгөн.

Тилекке каршы ал каражаттар максаттуу колдонулган эмес.

Ошондуктан менин тапшырмама ылайык, социалдык-экономикалык өнүгүүнү жолго салуу үчүн тез арада коронавирсука каршы эмдөө дозалары менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, 20 млн АКШ долларына эмдөө дозаларын сатып алдык, өнөктөш мамлекеттердин жана донорлордун жардамы менен кошумча эмдөө дозаларын алдык.

Белгилей кетсем, элге акысыз эмдөө жүргүзүлүп жатат.

Коронавирус боюнча кырдаалды турукташтыруу менен оффлайн билим берүүгө өтүү мүмкүн болгонун айта кетсек болот.

Себеби өлкө келечеги болгон жаш муунга сапаттуу таалим-тарбия, билим берүү үчүн зарыл болгон шарттардын түзүлүшү өтө маанилүү.

2020-2021 - жылдарда республика боюнча 47 мектеп жана 17 бала бакча курулду.

Жакында бекитилген гранттык долбоордун негизинде 3 миң баланы камтыган кыска мөөнөттүү 60 бала бакча түзүлүп, керектүү жабдыктар менен камсыз болгону турат.

Россия Федерациясы тарабынан Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн 7 облусунда 9 комплекстүү, заманбап билим берүү мекемелерин куруу иштери башталуу стадиясына жетти десек болот.

Ошону менен бирге мектептердеги кесипкөй мугалимдердин жетишпей жатканы жана мугалимдерди даярдоонун сапатынын төмөндүгү бүгүнкү күндө чоң көйгөйгө айланды.

Албетте бул багытта мугалимдердин коомдогу статусун жана эмгек акысын жогорулатуу боюнча кийинки жылдан активдүү иштер жүргүзүлөт.

Ошондой эле баарыңыздарга белгилүү, өлкө тарыхында алгачкы жолу Кыргызстандын Баш мыйзамына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл институту киргизилди.

Институт тарабынан балдардын укуктарын коргоо боюнча нормалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүп, анын ишмердүүлүгүнүн негизинде кыска убакыт ичинде балдарга карата мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө.

4 ай ичинде 3 кызматкер жумуштан бошоду, 10 кызматкерге административдик чаралар көрүлдү, бир катар кылмыш иштери козголду.