Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда ата мекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу айтат жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.
Маалымат жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырылат. Маалымат жыйыны саат 11:00 башталат.