Жаңылыктар
Ак-Ордо 3 жана Ала-Тоо 3 конуш тургундарынын талабы
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Ордо 3 жана Ала-Тоо 3 конуш тургундарынын талабы

Ак-Ордо 3” жана “Ала-Тоо 3” конуштарынын тургундары социалдык жайлар курула турган жерлерди жеке тараптарга өткөрбөй, сактап калууну талап кылышты. Конуштун жашоочулары 18 гектар жерде мектеп, бала бакча, оорукана жана парк салынышы зарылдыгын айтышат. Белгиленген аянттын айрым тилкелеринде учурда күркөлөр коюлуп, соода-сатык жүрүп жатат.

“Ак-Ордо 3” жана “Ала-Тоо 3” конушунун тургундары таң эрте Новопавловка айыл өкмөтүнүн алдына чогулушту. Мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык жайлардын жоктугу көйгөй жаратып келатат. Эми атайын бош турган жер да жеке тараптарга өтүп кетүү коркунучунда экенин билдиришүүдө. Тургундар 18 гектар аянтты кандай максатта колдонуу керектиги тууралуу өз алдынча долбоор даярдашкан.

Жергиликтүү бийлик сөз болуп жаткан жерден айыл өкмөтүнө киреше түшпөгөнүн билдирди. Ал эми аны пайдаланып жаткан жарандарды көчүрүү максат кылынууда. 

Жергиликтүү эл социалдык жайлар курулсун деген жердин бир бөлүгүндө жеңил конструкциядагы курулмалар, күркөлөр турат. Анда соода кылган жарандарга да кайрылдык.

Жерди айыл чарба багытында иштетүү үчүн ижарага алып, бирок мөөнөтү бүткөнүнө карабай колдонуп келатат делген Нурбек Сариев аттуу жаран менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Ал бизге өзү кайрылаарын айтып убакыт сурады, бирок андан кийин аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок.