Жаңылыктар
Бишкекте "Агро Тех Экспо" көргөзмөсү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте "Агро Тех Экспо" көргөзмөсү ачылды

Ордо калаада айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган "Агро Тех Экспо" көргөзмөсү ачылды. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, тармакты өнүктүрүү максатында мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар жана лизингге техникалар берилип жатканын билдирди. 

Көргөзмөдө айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө керектелүүчү заманбап техникалардан баштап, азык-түлүктөр, үрөн, жер семирткич жана асыл тукум малдын мыкты түрлөрү фермерлерге сунушталды. Жарманке 24-октябрга чейин уланат.

Акыркы кезде өлкөдө таза кандуу асыл тукум малдардын саны өстү. Көпчүлүк фермерлер, Германиядан, Франциядан, Чехиядан, Польшадан эт-сүт багытындагы мыкты уй, жылкы койлорду алып келип Кыргызстанда сапаттуу малдын башын көбөйтүүдө. Уйлар күнүнө 30 литрден сүт берип, букалардын чоңу жарым тоннага чейин эт бере алат. Мындай артыкчылыктары менен мал чарбачылыгы салыштырмалуу фермерлерге кыска убакыт аралыгында эки-үч эсе көп киреше алып келе баштады. 

Айыл чарба тармагында мыкты иштеген кызматкерлерге кесиптик майрамына карата энчилүү сааттар тапшырылды. Жарманкеге бардык облустардан дыйкан-фермерлер келип, заманбап техникалар жана сапаттуу азык-түлүктөрдү өстүрүп, көп түшүм алуу, пародасы мыкты мал багуу боюнча маалымат алышты. 

Жакында Орусия менен 3 млрд долларлык бюджети бар айыл чарба жаатындагы ири компания ишке кирет. Анда негизинен тармакты жандандырууга карата бардык долбоорлор колдоого алынат.

Жарманкеге 200дөн ашык алдыңкы кыргызстандык жана чет өлкөлүк айыл чарба техникаларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар катышты. “АгроТехЭкспо” көргөзмөсү 2012-жылдан бери өтүп келет. Көргөзмөнүн негизки максаты айыл чарба өндүрүүчүлөрүн техника жана өсүмдүктөрдүн сапаттуу үрөнү менен камсыздоо. Ошондой эле дыйкандарды өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоочу каражаттардын, жер семирткичтердин сапаттуусун колдонууга жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө үйрөтүү. Жарманке 24-октябрга чейин уланат.