"Кыргызстанда кышкы убакта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт, бирок үнөмдөө керек", - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров "Агро Тех Экспо" көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкесинин салтанаттуу ачылышында.
Анын айтымында, азыркы учурда кошумча 1 жарым млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эскерте кетсек, мындан мурда Кыргызстан Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын сатып алып жатканы айтылган.