22-октябрь күнү саат тогуздан баштап Чүй облусунун Бишкек - Ош багыты боюнча Сосновка айылынан Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары аркылуу баардык оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына жана Жалал-Абад облусунун "Чычкан" постунан Ош - Бишкек, Өтмөк ашуусунун Талас - Бишкек багыттары боюнча баардык транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизилди.
Бул аба ырайынын кескин өзгөрүп, кардын калың жаап, бороон болуп транспорт каражаттарынын кыймылына коркунуч жараткандыгына байланыштуу убактылуу чектөө экенин айтат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Суусамыр жолунда инерттүү материалдарды себүү жана жолдун кыймылдуу бөлүгүндө тазалоо, карды жыйноо иштери жүрүүдө.
Убактылуу коюлган чектөөлөр тазалоо иштери бүткөндөн кийин калыбына келтирилет. Ж
ол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы багыт боюнча пландаштырылган кыймылын кийинкиге калтырууну жана транспорт каражаттарынын дөнгөлөктөрүн кышкы мезгилге алмаштырууну, ашуу аркылуу жолго чыгууда керектелүүчү шаймандарды даярдап алууга чакырат.