Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 416 факты аныкталган. Анын 388и баңгилик кылмыш болсо 28и жорук.
Ошол эле учурда кызматтын ыкчам бөлүктөрү тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 тонна 402 килограмм 709 грамм баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган.
Кызматтын маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорулаган.
Мындан сырткары күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында Кыргызстан, Тажикстан жана Россиянын жарандарынан турган улуттар аралык баңгилик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, жыйынтыгында кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалган.