Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров ЖМК үчүн маалымат жыйынын өткөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров ЖМК үчүн маалымат жыйынын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 23-октбярда атамекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрөт.

Иш-чара жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.

Маалымат жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырылат.

Түз эфир башталышы – 23-октябрь, 11.00.