Бүгүн, эртең, Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
22-23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
22-23-24-октябрда өлкөнүн бардык аймагында түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.