Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жазык иштери боюнча кабыл алган процессуалдык чечимдеринин мыйзамдуулугу текшерилип, документтерди бурмалоо фактысы аныкталды.
Аталган райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын кафелеринин кызмат бөлмөлөрүнүн биринде уюлдук телефондун уурдалышы боюнча маалымат түшкөн.
Бул факты жазык кодексинин "уурулук" беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардык бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бирок, тергөөчү иликтөө жүргүзбөй туруп, арызды "тосмо арыз" катары бурмалап, сотко чейинки өндүрүштү мыйзамсыз кыскарткан.
Учурда прокуратура тарабынан топтолгон материалдар жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.