Ысык-Ата райондук милициясы ала качууга шектүү катары 4 жаранды кармады.
Нөөмөт бөлүмүнө 18 жаштагы кызды ала качканы тууралуу билдирүү түшкөн. Факты жазык кодексинин “Адамды никеге туруу максатында уурдоо” беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Ыкчам-издөөнүн натыйжасында кыздын аты жөнү аныкталып, ал Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен табылган.
Шектүүлөр Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.