Жаңылыктар
Жалал-Абад облусундагы орто мектептин курулушунда ири өлчөмдөгү келтирилген зыян аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусундагы орто мектептин курулушунда ири өлчөмдөгү келтирилген зыян аныкталды

Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери келишим түзгөн уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А. Матиев атындагы орто мектептин курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн жогорулатуу боюнча өз ара жең учунан сүйлошүп алган факты аныкталды. 

УКМК маалымдагандай, аткарылган иштердин чыныгы көлөмү жана алардын баасы ашыкча баалангандыгы, жооптуу адистердин техникалык көзөмөлдөгү бузуулары, анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 4 миллион 970 миң 944 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. 

Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чаралар көрүлүүдө.