Жаңылыктар
УКМКнын Чек ара кызматына аскердик техника тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМКнын Чек ара кызматына аскердик техника тапшырылды

Бүгүн, 21-октябрда, Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техниканы тапшыруу аземине катышты.

Зооттолгон аскердик техниканын кырк даанасы УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатылып алынган.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу биздин жергиликтүү аймакка ылайыйыкталган жаңы аскердик техника ушунча санда толугу менен бюджеттик каражатка сатылып алынды.