Ысык-Көлдө мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
19-октябрда Ысык-Көл райондук милициясына Бостери айылынын тургуну кайрылып, 14 жаштагы уулу эртең менен мектепке кетип, кайра үйгө кайтпагандыгын билдирген. Аталган факты милициянын электрондук маалымат журналына катталып, өздүк курам өспүрүмдү издөөгө тартылган. Ал түн ортосунда Чолпон-Ата шаарынан табылып, ата-энесине кайтарылып берилди.