Министрлер кабинетинин Төрагасы кол койгон токтомго ылайык, Ысык-Көлдөгү Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү.
Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери: Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо болуп саналат. Ошондой эле, шаарды долбоорлоо жана куруу боюнча, инвестицияларды тартуу жана ресурстук камсыз кылууну башкаруу, долбоорго мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо иштери жүргүзүлөт.