Өлкөнүн орус тилинде окутуучу жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун форуму Бишкекте өтүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги менен “Россотрудничествонун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өткөрүп жаткан иш-чара эки күнгө созулат.
Форумду өткөрүүнүн максаты - орус тилинде окуткан орто мектептердин мугалимдеринин дасыгын жогорулатуу, ошондой эле сапаттуу окуу процессин уюштурууга, республиканын мектептеринде орус тилинде билим берүүнү өнүктүрүүгө жана Россиянын тийиштүү жалпы билим берүүчү уюмдары менен кызматташтыкты арттырууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу болуп саналат.