Жаңылыктар
"Мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
"Мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинин жүрүшүндө “Мыкты айыл өкмөтү” сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. 

Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл өкмөтү 1-орунду ээлеп, 1 миллион 500 миң сом. Экинчи орунду алган Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айыл өкмөтү 1 миллион сом, Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл өкмөтү 3-орунду камсыздап, 500 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл өкмөтү, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айыл өкмөтү экинчи топтогу жеңүүчүлөр деп табылып, сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Президентинин энчилүү сааты, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата мамлекет башчысынын атынан алкыш жарыяланды.