Жаңылыктар
Президент үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүүсүнө тынчсыздануусун билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүүсүнө тынчсыздануусун билдирди

Акыркы убактарда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйүп жатканын Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Республикалык кеңешмесинде билдирди. 

Белгилүү болгондой, өткөн жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук 21%га өскөн. “Бул көрсөткүч тиешелүү ведомство жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтөт. Мен бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүү тууралуу тапшырма бердим”, - деди мамлекет башчысы.