Жаңылыктар
Салык кызматы пилоттук долбоорду ишке ашырууда
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы пилоттук долбоорду ишке ашырууда

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрына карата көзөмөлдөөчү-кассалык аппаратты башкаруу тутумунун пилоттук долбооруна катышуу үчүн салык төлөөчүлөрдөн 600дөн ашуун арыз түшкөн. 

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлангандай, 209 сынамык контролдук аппарат орнотулуп, туташтырылган, долбоордун башка катышуучуларына да орнотуп берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Көзөмөл-кассалык машинаны колдонууга милдеттүү болгон ишкер долбоорго катышуу менен аппаратты акысыз алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып контролдук машинаны өз каражатынан сатып алуу зарыл болот.