Бишкекте биринчи жолу диний уюмдардын катышуусунда конфессиялар аралык марафон өттү. Иш-чара Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулду.
Максаты - конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо, ар кандай көз караштар менен ишенимди сыйлоо принциптерин бекемдөө боюнча иш алып баруу жана дени сак жашоого үндөө. Ошондой эле марафон Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдында иштеп жаткан конфессиялар аралык кеңештин ишин күчөтүү аракетинде өткөрүлүүдө.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар мамлекеттин туруктуулугуна, тынчтыгына жана өнүгүүсүнө салым кошот. Жөө жарышта ынтымак, биримдик жана урмат-сый мамилеси жеңүүчү аталды.