Жаңылыктар
“Агротех экспо - 2021”: Фермерлерге айыл чарба техникаларын сатып алууга жардам берилет
Кыргызстан жаңылыктары
“Агротех экспо - 2021”: Фермерлерге айыл чарба техникаларын сатып алууга жардам берилет

22-24-октябрь күндөрү “Агротех экспо - 2021” көргөзмөсү өтөт. Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарада техникалар, асыл тукум мал-жандыктары менен канаттуулар, кайра иштетүү тармагындагы заманбап технологиялар көрсөтүлөт. 

“Агротех экспо” көргөзмөсү 2012-жылдан бери ар жыл сайын уюштурулуп келатат. Анын алкагында дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникаларын сатып алууга жардам берилет.