Жаңылыктар
Бишкекте 12-ноябрда КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 12-ноябрда КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Көз карандысыз Мамлекеттер Биримдигинин Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - жооптуу катчысы Леонид Анфимов менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө 12-ноябрда Бишкекте өтө турган КМШ Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйыны талкууланды. Кыргызстан бул жолугушууга чоң маани берип, кийинки жолугушууну жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр. Мамлекеттик органдар алдыда боло турган иш-чаранын уюштуруу жана протоколдук маселелерин чечүү боюнча активдүү иштеп жатат. 

Леонид Анфимов Кыргызстан интеграциялык ассоциацияны өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, алдыдагы жыйын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтөрүнө ишенимин билдирди. Жолугушууда 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого КМШнын байкоочу миссиясынын катышуусу жөнүндө да сөз болду.