Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди өлкөдө дипломатиялык ишинин аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды.
Акылбек Жапаров элчинин кыргыз-азербайжан мамилелерин чыңдоого кошкон салымына ыраазычылык билдирип, түрдүү багыттагы кызматташууну улантууга кызыкдарлыгын билдирди. Элчи Акылбек Жапаровду Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки мамлекетти жалпы тарыхы, маданияты, тили жана каада-салттары бириктире турганын айтты. Мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Оруджев Министрлер Кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланды.