Жаңылыктар
Чынарбек Изабеков дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду
Кыргызстан жаңылыктары
Чынарбек Изабеков дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. 

Күрөш федерациясынан кабарлашкандай, ал 100 кг салмакта күч сынашып, финалдык беттеште польшалык Адам Чойнаскини 5:0 эсебинде жеңип, алтын медалды багындырды. Буга чейин аталган мелдеште Талант Бегалиев алтын, Сааданбек Ниязов коло медалга татыган. Грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионаты 19-октябрдан бери Грециянын Лутраки шаарында өтүүдө. Кыргызстандын намысын алты балбан коргоп жатат.