Бүгүн өлкөнүн Улуттук Илимдер Академиясында мамлекеттик жана саясий ишмер, улуу инсан Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага кыргызстандык илимпоздордон тышкары Казакстан, Түркия жана Москвадагы тарыхчылар, окумуштуулар дагы онлайн түрдө катышты.
Эл аралык конференциянын темасы "Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгү - мамлекетти башкаруунун үлгүсү" деп аталды.