Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер бардык суроолор боюнча онлайн маалымат алып, электрондук негизде документтерди алса болот. Бул тууралуу Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги маалымат жыйында билдирип, чет жакта жүргөн мекендештердин жашоо шартын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду. Анда негизги төрт багытка басым жасалган. Программа 2025-жылга чейин ишке ашат.
Пандемиядан кийин чет мамлекеттер менен байланыш кайра жанданып, учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы бардык аба каттамдар калыбына келтирилди. Кыргыз жарандары эмгек мигранттары катары COVID-19га каршы ПЧР тесттин терс жыйынтыгы менен тышка чыга алышат.