Быйыл кышында Бишкек жылуулук берүү борборунда эки эсе үнөмдүү, эң негизгиси экологиялык таза көмүр колдонулмай болду. Көмүрдүн бул түрүн колдонуунун натыйжалуулугун адегенде атайын адистерден турган топ текшерип тастыктады. Бул биринчи кезекте борбордогу экологиялык коопсуздук маселесин жөнгө салат. Тагыраак айтканда соңку жылдары шаардыктарды кыйнаган ыш көйгөйү чечилет. Экинчиден, Бишкек Жылуулук берүү борборунда жылдык чыгымдары эки эсеге азаят. Азырынча көмүрдүн "КО" маркасын Казакстандан алып туруу боюнча келишим түзүлгөнү турат. Жакынкы келечекте импорттон көз каранды болбогудай Кара-Кече көмүр кенинде көмүрдү байытуу боюнча комбинат куруу жагы дагы караштырылып жатат.
Кыш келээри менен Бишкек шаарын коюу түтүн каптап, ыш маселеси ар кандай деңгээлде талкууланып келет. Адистер бул көрүнүш Бишкек жылуулук берүү борборунан чыккан түтүндөн улам экендигин да айтышкан. Эми бул көйгөйгө чекит коюлмай болду. Президент Садыр Жапаровдун борборду каптаган ыш боюнча жагдайды чечүү, абага зыяндуу бөлүнүүлөрдүн көлөмүн төмөндөтүү, шаардын экологиясын жакшыртуу, Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатындагы тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында жана күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн Министрлер Кабинети бир катар натыйжалуу чараларды көрдү.
Бул максатта атайын адистерден турган комиссия түзүлгөн. Көз карандысыз эксперттер көмүрдүн жаңы маркасын колдонууну дыкат изилдөөгө алышкан. Борбордук ЖЭБде «КО» маркасындагы 7 миң тонна көмүр колдонулуп көрүлгөн. Натыйжада адистер биринчи кезекте көмүр колориялуу эң негизгиси абага зыяндуу заттар бөлүнүп чыкпай турганына күбө болушкан. Жыйынтыгында комиссия көмүрдүн бул маркасы натыйжалуу деген корутунду чыгарышкан. Ошондо шаардагы ыш маселеси чечилет жана азыркыга караганда Бишкек ЖЭБде көмүр эки эсеге аз колдонулат.
Экинчи дагы бир маанилүү жагы көмүрдү колдонуу менен Бишкек ТЭЦтин чыгымдары да кыскарат. Себеби көмүр чок болуп, таптуу болот. Анын натыйжасында электр энергияны иштеп чыгуу көбөйөт. Демек жылуулук менен электр жарыгынын өздүк наркын төмөнтүүгө болот.
Баштапкы мөөнөттө бул маркадагы көмүр Карагандадан импорт болот. Адистер импортко болгон көз карандуулукту жоюу максатында Кара-Кече көмүр кенинде көмүрдү байытуу боюнча комбинат куруу жагы караштырлып жатканын айтышат.
Бишкек электр жылуулук берүү борборуун агрегаттары союз маалында орнотулган. Эксперттер эгер бара-бара көмүрдүн бул түрүн колдонууга өтсөк агрегаттарды алмаштырып, жаңы жабдууларды орнотсо болот.