Жаңылыктар
Лейлек районундагы Козу-Баглан дарыясынын жээгине чакан ГЭС курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлек районундагы Козу-Баглан дарыясынын жээгине чакан ГЭС курулууда

Баткен облусунун Лейлек районундагы Козу-Баглан дарыясынын жээгине чакан ГЭС курулууда. Жалпы сметалык баасы 7 миллион долларлык долбоор ички инвестордун күчү менен ишке ашууда. Чакан ГЭСтин курулушу менен бир гана электр энергиясы өндүрүлбөстөн, айылдын социалдык абалын жакшыртууга жана бул тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. 

Козу-Баглан дарыясы Лейлек районунун жүрөгү катары таанымал. Дал ушул шар аккан суунун боюна ички инвестордун күчү менен чакан ГЭС курулууда. Анын кубаттуулугу 6 мегаватка чейин жетип, 1000 түтүн калкты электр жарыгы менен камсыздоого шарт түзүлөт. 7 миллион долларлык доборрдун курулуш иштеринин биринчи этабы учурда 80 пайызга бүткөрүлгөн.

Учурда курулуш иштерине 80 пайыз жергиликтүү элден жумуш күчү тартылган. Ал эми инженердик-техникалык иштерге дасыккан адистер чакырылган. Лейлек чаканГЭСи ишке киргенде 7 кишиге чейин туруктуу жумуш оруну түзүлөт жана чакан гидроэлектрстанция толугу менен автоматташтырылат, заманбап технологиялык талаптарга жооп берген мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Бул үчүн Кытай, Россия жана Европанын тажрыйбалары колдонулууда.

Энергетика тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин өлкө башчысы белгилеп келет. Буга байланыштуу айрыкча чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлүүдө. Алсак мыйзамдык базанын чыңдалышы жана инвесторлорго көрсөтүлгөн колдоо менен 2023-2024-жылдары өлкө энергетикалык каатчылыктан толук чыгат дешет талдоочулар.

Учурда облустун аймагында Лейлек чакан ГЭСинен тышкары, Баткен районунда жана Кадамжай районунда дагы кичи гидроэлектрстанциялардын курулушу мерчемделген.