Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көмүрдүн наркын бекитти. Ага ылайык көмүрдүн баасын жөнгө салган 90 күндүк режим киргизилди. Кара алтындын ар бир аймактагы наркынын эң жогорку чеги бекитилди.
Аба ырайынын өзгөрүшү менен көмүрдүн наркы өстү. Буга чейин кампаларда кара алтын тартыш экени кабарланса, учурда жетиштүү көлөм бар. Бирок баасы айрымдардын чөнтөгүнө чак келбейт.
Айрымдар көмүрдүн баасы атайылап жогорулатылып жатат деп эсептейт.
“Кыргызкөмүр” ишканасы Кара-Кечеде иш үзгүлтүккө учурабай, кадимки тартип жүрүп жатканын билдирүүдө. Кенден ар күн сайын 400 унаа көмүр ташылып жатат.
Кыргызстан жыл сайын 2 миллион тоннадан ашык көмүр керектейт. Анын жарымынан көбү өлкөгө сырттан ташылып келет.