Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Ош шаарына келди.
Шаардын социалдык объектилерине болгон жүрүшүнүн алкагында Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында болуп, ал мекеменин инфраструктурасы, материалдык-техникалык базасындагы жабдуулар, китептердин, компьютерлердин жетиштүү деңгээлде камсыздалышы менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө Э.Байсалов жаштарды китепканага тартуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү аракетин кылуу керектигин баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Э.Байсалов китепканага кирүү үчүн жаштардан акча каражат алууга жол берилбеш керек экенин баса белгиледи.
«Мындан ары китепкана кызматтары акысыз болушу керек. Китепкана - билимдин булагы. Бул жерде биз жаштарга, жалпы эле жарандарга керектүү шарттарды түзүшүбүз керек. Китепкана көрсөтүп жаткан кызматтар үчүн акы республиканын бир дагы китепканаларында алынбашы керек», - деп баса белгиледи Байсалов.
Ошондой эле, Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, бейтаптарды кабыл алууну санариптештирүү, коронавируска каршы эмдөө, материалдык - техникалык базалар менен таанышты.