Жаңылыктар
УКМК: Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупцияга бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупцияга бөгөт коюлду

Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупцияга бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, "Достук" текшерип өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын алып турганы аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өткөрүү бекетинин башчысы, Ош облусу боюнча чек ара кызматынын жана Башкы штабдын жетекчисинин биринчи орун басары кармалды. Кармалгандар УКМКнын Ош облустук жана шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Бул факт сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин "Адамдардын тобу тарабынан пара алуу" беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.