Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингия Федералдык жерлериндеги башкы консул, профессор Рейнхольд Креммелди жана Шлезвиг-Хольштейн федералдык жериндеги консул Кристоф Крошкени кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчилер өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Германиядагы кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы иш мерчемдери менен бөлүштү.
Руслан Казакбаев өз сөзүндө Кыргызстанда германиялык инвестициялар үчүн шарттарды түзүү керектигин белгилеп, Кыргыз-Герман ишкердик кеңешин ачуу маселесин көтөрдү.