Жаңылыктар
Кыргызстан менен Литва ар тараптуу кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Литва ар тараптуу кызматташат

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Литванын Кыргызстандагы элчиси Гинтаутас Васюлис менен жолугушту. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүү, айыл чарба, IT-технологиялар, санариптештирүү, транспорт, логистика, фитосанитария жана стандартташтыруу сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.

Тараптар укуктук базаны кеңейтүүнүн, транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн айкын маселелерин, анын ичинде аба каттамдарын ачуу, COVID-19 менен күрөшүү боюнча биргелешкен иштерди талкуулашты. Кыргызстан менен Литва эл аралык платформаларда өз ара активдүү аракеттенүү ниетин билдиришти.