Жаңылыктар
ӨКМ: Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 20-октябрда, эртең менен саат 07:04тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Ысык-Көл районунун Кашат, Көк-Дөбө, Григорьевка, Семеновка, Ананьево айылдарында 2,5 балл, Темир жана Корумду айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.