Жаңылыктар
Кыргызстандын жарандыгы 1207 кишиге берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын жарандыгы 1207 кишиге берилди

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. 

Ага ылайык, 1207 киши Кыргызстандын жараны болду. Кабыл алынган жарандардын 820сы чоңдор жана 387си балдар. Өлкөнүн жаңы жарандарынын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт. Ошондой эле, Президенттин дагы бир Жарлыгы менен 53 киши Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды.