"COVID-19 пандемиясынын шартында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу" темасынын алкагында эл аралык илимий конференция уюштурулду.
Төртүнчү ирет өтүп жаткан иш-чара Урал федералдык агрардык изилдөө борбору тарабынан демилгеленип, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институту менен биргеликте өткөрүлдү. 21-кылымдын чакырыктары, жаңы пайда болгон жана кайра кайтып келген жугуштуу оорулар, климаттын өзгөрүшү, экология, азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу актуалдуу темалардын тегерегинде пикир алмашуу болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери жогоруда аталган темалар боюнча бир катар лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Алар өз тыянактарын иш-чаранын катышуучуларына сунушташты. Эми бир катар өлкөлөрдүн окумуштуулары "Урал-Евразия" биотехнология тармагында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү улантууну көздөшүүдө.