Жаңылыктар
Сасык тумоого кабылып, ооруканага түшкөн балдардын саны эки эсе өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Сасык тумоого кабылып, ооруканага түшкөн балдардын саны эки эсе өстү

Соңку эки жумадан бери Бишкектеги балдар ооруканасына ооруп түшкөндөрдүн саны өсүүдө. Алардын көпчүлүгү мезгилдүү респиратордук оорулар же сасык тумоого кабылгандар. 

Буга чейин бейтапканага 200гө жакын бала келип түшсө, азыр ооругандардын саны эки эсе өстү. Аба аркылуу жуккан вирус күз-кыш мезгилдеринде күчөп, иммунитети алсыз жана убагында эмдөөдөн өтпөгөн жаш балдарга тез жугат. Мындан улам ата-энелер балдарын жылуу кармап, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу шарт экенин эскертишет.

Жыл сайын күз-кыш мезгилинде курч респиратордук вирустук инфекциялар менен сасык тумоого чалдыккандар көбөйөт. Айрыкча балдар ысык-суукту аңдабай жүрүп, суукка тез чалдыгышат. Азыркы тапта Бишкектеги шаардык балдар ооруканасы жаш бейтаптарга толду.
Быйыл ооругандардын саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп. Себеби былтыр ушул мезгилде балдар карантинде болуп, онлайн окушкан. Ал эми мурдагы жылдагы көрсөткүч азыркы учурдагы абалга окшош болгон. Дарыгерлер баланын дене табы 40-41 градуска чейин көтөрүлгөн учурда ата-энелердин кабатырланып, дүрбөлөңгө тушүүнүн кажети жоктугун айтышат.

Адистер ошол эле учурда сасык тумоодон эмделүү да оорунун алдын алуу же илдеттин жеңил өтүүсүнө өбөлгө болорун айтат. Ал эми сасык тумоого жана коронавируска бир убакта чалдыгуу адамдын өмүрү үчүн кооптуу экенин эскертишет.